Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөрү айтылды
Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын “Күжүрмөн бир туугандык” ардагерлер коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев кабарлады.
Абдыгулов белгилегендей, ошол эле учурда Бишкекте парад 8-майда өтөт. “Мамлекет башчысы Москвадагы парадга чакырылган, буга байланыштуу парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынган“, – деди ал.
«Өлбөс полк – Кыргызстан» кыймылынын Бишкектеги координатору Зулфира Хайбуллина белгилегендей, жүрүш кадимки тартипте өтөт. “Старт Түштүк дарбазадан саат 09:00дө башталып, акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадан тарта Байтик баатыр көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Фрунзе көчөсү менен жүрүп отуруп, Жеңиш аянтына келет”, – деп белгиледи Хайбуллина.
Белгиленгендей, жөө жүрүш өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.