9-ноябрдан тарта Бишкекте №23 автобус каттамы экиге бөлүндүЫсык-Көлдүн жээгинде чатырда от жаккан жаранга чара көрүлдүМинздрав калктын инфекцияларга каршы иммунитетин текшеретЫсык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирдиБишкекте жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт9-ноябрда Кыргызстанда күн ачык жана жылуу болот
Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды
15.04.2025 | 12:20
Нурлан Жумаев айыл чарба министринин орун басары жана Суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
51 жаштагы Нурлан Жумаев Казак айыл чарба институтун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармактарында иштеген. Ал 2024-жылдын март айынан бери Айыл чарба министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат