Кыргызстанда премьер-министрликке үчүнчү талапкер сунушталууда

Кыргызстанда премьер-министрликке үчүнчү талапкер сунушталууда

Өлкөнүн финансы-банк сектору техникалык премьер-министрликке вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди сунуштоодо. Бул тууралуу «Акчабарга» Кыргызстандын банк Союзунун жетекчиси Анвар Абдраев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе финансы секторунун өкүлдөрү тарабынан талкууланып Эркин Асрандиевдин кандидатурасы бир добуштан жактырылган.

«Бул демилге биздин секторго жакын кандидат болгон үчүн эле колдоп чыкканыбыз жок. Биз азыр түрдүү саясий партиялардын бийликке карай умтулуусу коомчулукка кандай кесепетин тийгизерин билебиз. Асрандиевдн Орус-Кыргыз  Өнүктүрүү фондунда жана вице-премьер-министрлик кызматта кандай иш алып барганын билебиз. Ал өзүн жакшы кризис-менеджер катары көрсөтө алды. Ал абдан объективдүү, чынчыл, татыктуу жана эң башкысы анын эч кандай саясий амбициялары жок. Биз азыр укук талаасына кайтышыбыз керек, биздин көз карашыбызда Асрандиев татыктуу талапкер», — деди Абдраев.

Абдраев белгилеп кеткендей, бул сунушка Асрандиев макулдугун билдирген.

«Биз эмне үчүн Асрандиевдин талапкерлигин колдоп жаткандыгыбызды түшүндүрүп берүүгө даярбыз. Ошону менен катар эле митингге чыгуудан алыспыз. Бул биз үчүн эмес. Биз өлкөгө эртерээк стабилдүүлук орношун каалайбыз», — деп белгиледи Кыргызстандагы Банк Союзунун жетекчиси.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат кезексиз жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке Садыр Жапаровду көрсөтүшкөн.

7-октябрда Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, «Достуктагы» жыйында аны депутаттар премьер-министр кылып шайланаганын айткан.

Ушул эле күнү активисттер жана Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы болуп, анын ордуна Тилек Токтогазиевди көрсөтүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>