Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калды

11.04.2025 | 17:04

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул ардагерлер төмөнкү аймактарда жашашат:

  • Жайыл районунда-3 ардагер,
  • Бишкек шаарында – 6,
  • Аламүдүн районунда-1,
  • Ат-Башы районунда-1,
  • Сузак районунда-1.
  • Базар-Коргон районунда-1,
  • Ноокен районунда-1.

Мындан тышкары, өлкөдө  7 концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары жана 11 Ленинград блокадачылары жашайт.

Белгилей кетсек, быйыл 9-майда Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Жеңиш майрамына карата аскердик парад 8-майда өтөт.

Scroll to Top