«Токмок-Автожол» пунктунун жанында жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы өтмөк курулат

16.11.2026 | 10:20
Возле пункта «Токмок-Автожол» построят подземный пешеходный переход — Новости Кыргызстана

Бишкек–Нарын–Торугарт автомобиль жолунда, «Токмок-Автожол» өткөрмө пунктунда жөө жүргүнчүлөр үчүн жол астынан өтмө куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш министрликтин каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Аны 15-декабрга чейин аяктоо пландалууда.

Министрлик бул тилкеде буга чейин унаалардын ылдамдыгына байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүүсүндө жана кыймылда маселелер жаралып келгенин билдирди. Өтмөнүн салынышы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого, кырсыктардын алдын алууга жана унаа кыймылын жөнгө салууга багытталган.

Scroll to Top