Күн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды
Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктан 40 бала каза болгон
23.08.2023 | 20:24
Жыл башынан бери Кыргызстан боюнча балдардын катышуусу менен жалпысынан 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, анда 40тан ашуун бала каза болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1000ден ашуун бала ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.
“Жыл башынан бери жол кырсыгынан курман болгон жаш өспүрүмдөрдүн санынын 53%ын унаа ичинде жүргүнчү катары бара жаткан жаш өспүрүмдөр түзөт. Жыл башынан бери өлкөдө жашы жете элек жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 416 жол кырсыгы катталган. Ар бир окуяда коопсуздук курлары жана балдарды коргоочу шаймандардын жоктугу же аларды колдонуу эрежелерин бузуу катталган. Анын кесепетинен 22 бала каза болуп, 500дөн ашуун бала жаракат алган», – леп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар