Бишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдү
Жазуучу Олжобай Шакирди УКМКга суракка алып кетишти
23.08.2023 | 21:03
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди суракка алуу үчүн УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, Олжобай Шакир азыр УКМКнын борбордук аппаратында. Суракка чакыруунун чоо-жайы айтылган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну көздөгөн. Ал социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар