Кыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөт

Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууну кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, бөлүнүүчү каражаттын жалпы көлөмү 15 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 10 миллион доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы, ал эми 5 миллион доллары Көп тараптуу донордук трасттык фонддун (MDTF) гранты болуп саналат.
Бул каражат Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталат.
Жолугушууда Кыргызстандын делегациясын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жетектеп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан. Тараптар каржылоо келишиминин долбоорун жана каражат бөлүү шарттарын макулдашышкан.