Министрлер кабинети айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну мөөнөтүнөн мурда алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттүБишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөтКУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кетти
Сузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салынды
03.11.2026 | 14:48

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тиричилик калдыктарын бул үчүн каралбаган жерлерге төккөнү үчүн эки мектептин администрациясына айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Пландуу текшерүүнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу кызматтын Жалал-Абад аймактык башкармалыгы жүргүзгөн. Мыйзам бузуулар Манас атындагы №90 орто мектептин жана Мадумар-Ата атындагы №1 орто мектептин аймагынан аныкталган.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ар бир мектептин администрациясына 17 миң сомдон айып салынды. Айып пулдун жалпы суммасы 34 миң сомду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: мектеп