Кыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалууда

05.11.2026 | 12:05
Кыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда учактарды жерде тейлөө эрежелерин жаңыртуу пландалууда. Өзгөртүүлөр тейлөөчү уюмдарды сертификаттоого, кызматкерлерди даярдоого, аэропорттордогу иштердин коопсуздугуна жана мамлекеттик көзөмөлгө тиешелүү болот.

Тиешелүү буйруктун долбоорун Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) иштеп чыкты. Документте «Жерде тейлөө боюнча уюмдарды сертификаттоо» жөнүндөгү АПКР-21 авиациялык эрежелеринин жаңы редакциясын бекитүү каралган.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, учурдагы эрежелер 2018-жылы бекитилген. Ошондон бери Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүп, жерде тейлөөнүн жаңы технологиялары киргизилип, учуулардын коопсуздугуна жана мамлекеттик көзөмөлгө карата талаптар өзгөрүүдө.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, колдонуудагы ченемдерди аэропорттордун заманбап иштөө шарттарына жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү зарыл.

Эрежелерди жаңыртуу учактарды жерде тейлөө учурундагы кырсыктардын тобокелдигин азайтууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана тейлөөчү уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда?

Долбоор аба кемелерин жерде тейлөө менен алектенген уюмдарды сертификаттоо тартибин кайра карап чыгууну карайт.

Атап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:

• арыздарды берүү жана кароо, текшерүүлөрдү жүргүзүү жана сертификаттарды берүү тартибин тактоо;
• жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны тейлөөгө карата талаптарды белгилөө;
• перрондо учактарды тейлөөнү, муз катууга каршы иштетүүнү жана жүктөө көлөмүн көзөмөлдөөнү жөнгө салуу;
• жерде тейлөөнүн айрым түрлөрүнө уруксат берүү тартибин тактоо;
• кызматкерлердин баштапкы жана мезгилдүү даярдыгына, алардын такшалмасына (стажировкасына) жана квалификациясын текшерүүгө карата талаптарды жогорулатуу;
• жер үстүндөгү техниканы пайдаланууга, учактарды сүйрөөгө жана алардын жабыркашына жол бербөөгө карата талаптарды күчөтүү;
• татаал аба ырайы шарттарында иштөөгө жана учактарды тейлөө аймактарына бөтөн буюмдардын кирип кетишине жол бербөөгө карата талаптарды бекитүү.

Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумуна өзгөчө көңүл бурулган. Уюмдардын айрым категориялары үчүн аны киргизүү милдеттүү болот. Калгандары аткарылып жаткан иштердин мүнөзүн эске алуу менен кооптуу факторлорду аныктоо жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча ички жол-жоболорду колдонууга тийиш.

Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүгө, кызматкерлердин даярдыгын эсепке алууга жана ички көзөмөлгө карата талаптарды тактоо сунушталууда.

Мамлекеттик көзөмөл

Долбоор жерде тейлөө уюмдарына карата мамлекеттик көзөмөлдү өркүндөтүүнү карайт. Тактап айтканда, сертификаттоо шарттарын сактоо, текшерүүлөрдү жүргүзүү, эреже бузууларды аныктоо жана аларды четтетүү боюнча талаптар такталууда.

Иштеп чыгуучулар белгилегендей, жаңы эрежелер тейлөөчү уюмдар үчүн бирдиктүү талаптарды орнотууга жана жердеги операциялардын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда кызматкерлерди окутуу, документтерди жүргүзүү жана өндүрүштүк процесстерди уюштуруу менен байланышкан айрым өзгөртүүлөр ишканалардан кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн. Алардын көлөмү ишмердүүлүктүн түрүнө жана уюмдардын учурдагы даярдык деңгээлине жараша болот.

Анара Мамытова

Scroll to Top