Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Бишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулду
02.11.2026 | 17:32

Мисирде чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелери өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек — Шарм-эль-Шейх багытындагы бардык авиакаттамдар келе жаткан 2026–2027-жылдын кыш мезгилине токтотулду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул багыт боюнча акыркы каттам 2026-жылдын 5-ноябрында аткарылат.
Мурда билет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражаттарын кайтаруу, сапардын убактысын жылдыруу же башка каттамдарды тандоо боюнча авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат.
«Кыргызстан аэропорттору» каттамдардын кайра жанданышы боюнча маалымат кошумча берилери кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: авиакаттам, Мисир