Кыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулдуАла-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди
Боом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
29.10.2026 | 16:35

2026-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакта унаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелип, жол бир тилке аркылуу ачылат. Эгер 30–40тан ашык унаа топтолсо, иштер убактылуу токтотулуп, транспорт өткөрүлөт.
Айдоочуларга каттамын алдын ала пландап алуу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Транспорт