Кыргызстандагы эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталып сыйланышты
Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.
Тактап айтканда, Аксы районунун Кош-Дөбө – 3 млн сом, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа – 2 млн сом, Түп районунун Каркыра – 1 млн сом, Араван районунун Алля Анаров –3 миллион сом, Ат-Башы районунун Ат-Башы 2 миллион сом, Лейлек району Сумбала айыл өкмөттөрү 1 миллион сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
[image_carousel source=”media: 205092,205093,205091,205090,205089,205085″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз