Бишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилди
Бишкекте мыйзамсыз сатыктан 6,8 миң энергетикалык суусундук алынды
26.01.2024 | 20:02
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Дордой Моторс” базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты.
Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды.
Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон. Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык төлөнгөн эмес, бул өлкөгө контрабандалык жол менен ташып келингендигин тастыктайт.
Ишкерге карата мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо иштерин улантууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар