Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамотага ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
27-апрелден 2-майга чейин Болгариянын Варна шаарында өткөн 41-Балкан математикалык олимпиадасына 22 өлкөнүн окуучулары катышкан.
Байге алган окуучулар:
- Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу – күмүш медаль;
- Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучулары – коло медаль;
- Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейийнин 10-классынын окуучусу – коло медаль;
- Назар Кыргызбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 10-классынын окуучулары – ардак грамота.
Окуучуларды олимпидага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.