Кыргызстандык спортчулар Олимп оюндарында канча байге уткан?

Кыргызстандык спортчулар Олимп оюндарында канча байге уткан?

Парижде эртең, 26-июлда жайкы Олимпиада оюндары башталат. Ага Кыргызстандан 16 спортчу катышат. Кыргызстандыктар быйылкы Олимпиадада спортчулар өлкө тарыхындагы биринчи алтын медалды алат деп үмүттөнүүдө.

Париждеги Олимп оюндарын утурлай Кыргызстан эгемен тарыхында канча байге алганы тууралуу кеп кылалы. Кыргызстан алгач ирет 1994-жылы Норвегияда өткөн кышкы Олимпиада оюндарына катышкан. Ошол мезгилден тарта кышкы жана жайкы Олимпиадага катышып келет. Андан бери кыргызстандык спортчулар өлкө куржунуна 7 медаль – 3 күмүш, 4 коло салды. Бул байгелердин баары жайкы Олимпиадада алынган: дзюдодон бирөө, күрөштөн алтоо.

Кыргызстан биринчи медалын 2000-жылы Сиднейдеги мелдеште алган. Аны Олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан казакстандык дзюдочу Айдын Смагулов (60 кг) утуп берген.

Кийинки медалдар 2008-жылы Бээжинде алынган. Грек-рим балбаны Канатбек Бегалиев (66 кг) күмүш, Руслан Түмөнбаев (60 кг) коло байгени өлкө куржунуна салган. Ошондой эле Бээжиндеги мелдешке катышкан эркин күрөш боюнча балбан Базар Базаргуруевге (60 кг) арадан 9 жыл өткөн соң коло байге берилген. Ал 2008-жылы Олимпиадада 5-орунга татыган. Бирок эркин күрөш боюнча 60 кг салмакта күмүш уткан украиналык спортчу Василий Федоришин кызытма колдонгону 2017-жылы ачыкталып, ал медалдан кол жууган. Натыйжада 2008-жылдагы мелдештин жыйынтыгы кайра каралып чыгып, коло үчүн беттеште Базаргуруевди жеңген япониялык Кеничи Юмотого күмүш, ал эми кыргызстандык балбанга коло байге берүү чечими кабыл алынган. Базар Базаргуруевге медаль 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатынын алкагында тапшырылган.

2016-жылы Бразилияда өткөн Олиимпиадада оор атлетчи Иззат Артыков коло уткан. Бирок кийинчерээк ал кызытма колдонду деген жүйөө менен байгесинен ажыратылган.

2021-жылы Токидогу Олимпиадада спортчу кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) күмүш уткан. Ошондой эле балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>