Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстандык жаш балбандар Астанадагы мелдеште 4 медаль утту
14.03.2024 | 12:58
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Казакстандагы 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы эл аралык мелдеште 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш Астана шаарында 11-13-мартта болуп өттү. Бул турнирде 60 кг салмакта Кубаныч Арынов күмүш медалга утса, ошол эле салмакта Куттубек Абдуразаков коло байгеге татыды. 72 кг салмакта Ырыскелди Хамзаев жана 97 кг салмакта Бахрам Курбанов коло медаль тагынды.
Спортчулар мелдешке машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында катышты.