Президент мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү колдоду (видео)

Президент мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү колдоду (видео)

Садыр Жапаров мектептерди 12 жылдык окутууга өткөрүүнү колдоду. Бул тууралуу ал кечээ бала бакчада жана мектепте билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12-жылдык билим берүүдө нөлүнчү класстар 1-класс катары эсептелерин, окуу мөнөтүндө өзгөрү болбостугун айтты.

«10,11 жана 12-класстарда билим берүү кесипке багытталат. Мектепти бүткөндө сертификат алып, балким чач тарач, ширетүүчү, тигүүчү же ашпозчу болуп чыгат», — деп түшүндүрдү министр.

«Анда эч айырмачылык жок экен. Мен макулмун», — деп жооп берди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесин мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиев көтөрүп чыккан. Аны 2023-жылдан тарта ишке ашыруу пландалган. Бирок ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары каршылык билдиришкен. Алар Азия өнүктүрүү банкынын бул жааттагы гранттык долбоорун дагы артка кайтарышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>