Март айында Кыргызстандын элин бир катар окуялар күтөт. Reporter.kg алардын эң эң маанилүүлөрүн топтоду.
Мас айдоочуларга жаңы жазалар:
Ушул жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа айдаган айдоочулар бир жылга, кайталап эреже бузгандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин мас айдоочуларга 17,5 миң сом айып пул салынчу.
Эгерде айдоочу медициналык текшерүүдөн өткүсү келбесе, анда ал үч суткага, ал эми күбөлүгү жок болсо беш суткага камакка алынат. Эгер айдоочунун мас экени аныкталса, анда аны бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратышат.
Буга чейин мас абалында айдоочу жол кырсыгына кабылып, этиятсыздык менен ден соолугуна зыян келтирсе, бирок анын аракетинен кылмыштын курамы табылбаса, 20 000 сом айып салынып же 5 суткага камакка алынган. Эми айдоочу күбөлүктөн 3 жылга ажырайт.
Окуучулардын жазгы каникулу жана дем алыш күндөр
Мектептерде эң узак үчүнчү чейрек жакында аяктайт. 22-марттан тарта Кыргызстандын бардык мектептери жазгы каникулга чыгат. Эс алуу 26-мартка чейин уланып, окуучулар 27-мартта окууга бара баштайт.
Министрликтен белгилешкендей, быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат.
Мындан тышкары, Кыргызстанда 18-21-март күндөрү дем алыш күндөр болуп белгиленген.
Нооруз майрамы
21-мартта, кыргызстандыктар жаңы жана жаркын нерсенин башаты болуп эсептелген Ноорузду майрамдашат. 21-мартта, күн менен түн теңелген күнү белгиленип, жаңы жылдын башталышын билдирет.
Нооруз майрамы үйлөмө аспаптын, узун сурнайдын үндөрү менен башталат. Ноорузда адатта сүмөлөк жасалат. Дасторкон жайылат. Жакындарга, туугандарга каттап, ал-жай сурашып, каалоо айтуу салты калыптанып келе жатат. Бул майрам Кыргызстандын аймагында майрамдалып келет.
Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирерин айтышат.
Орозо айынын башталышы
Кыргызстанда быйыл Орозо айы 23-мартта башталышы мүмкүн.
Азырынча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так датасын айта элек. Анткени орозо ай жаңыргандан тарта башталат.
Ал эми Сауд Арабиянын бийлиги Рамазан айынын так күнүн атады. Ага ылайык, орозо 23-мартта башталып, Айт 21 же 22-апрелге туш келет.
Мындан тышкары, Казакстандын, Өзбекстандын муфтияты дагы Орозо айы 23-мартта күн батканда башталып, 21-апрелде аяктарын жарыялады.
Декларацияларды тапшыруу
Кыргызстанда декларациялык кампания кызуу жүрүп жатат. Март айынын аягына чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөн жыл ичинде алган кирешелери боюнча салык органдарына отчет берип, чарбалык ишмердүүлүгү, мүлкү жана жер тилкелери боюнча маалымат бериши керек.
БУУну мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик ишканалар тапшырышы керек. Милдеттенме Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүү менен иш алып барган чет өлкөлүк уюмдарга жайылтылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз