Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Ушул жылдын 6-мартынан 11-мартына чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка жаңы дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы 6-мартта билдирген.

Ал эми Кыялбек Акматов 2023-жылдын 6-мартынан тарта билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалганын аталган министрликтин маалымат кызматы билдирген.

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын, тиешелүү жарлыкка Садыр жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-мартта маалымдаган.

Ошондой эле, 7-мартта Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Ташкулов Илияз Акжигитович Сокулук районуна, Мурадин Тешебаев Акжигитович Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мурат Осмоновду кеңешчи кылып дайындаганын 7-мартта мэриядан билдиришкен.

Буга чейин ал Улуттук статистика комитетине караштуу «Интеллектуалдык маалыматтар борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Болот Абдыжапаров Баткен облусундагы Сүлүктү шаарына мэр болуп дайындалганын, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгону 7-мартта маалымдалган.

Ал буга чейин Ат-Башы районунун админстрация башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан болчу.

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тиллебаев Болотбек Кочкорович дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 9-мартта билдирген.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигинде дагы бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Алсак:

— Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИБдин начальниги;

— Дамирбек Исаков Чүй ОИИБдин начальниги;

— Каныбек Абдырахманов ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги;

— Талантбек Аттокуров Жайыл РИИБдин начальниги;

— Искен Базаркулов Чүй ОИИББдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары;

— Руслан Кадыров Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>