Кыргызстанга акыркы төрт айда Өзбектандан 1,6 млн киши кирди

Кыргызстанга акыркы төрт айда Өзбектандан 1,6 млн киши кирди

Кыргызстанга акыркы төрт айдын ичинде Өзбектандан 1 млн 618 миң киши кирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстандан Өзбекстанга 1 млн 574 миң 732 адам кирген.

“Демек, булар Өзбекстандан келип кайра чыккандар. Өзбекстандык жарандар Кыргызстанга ID карта менен кирип-чыгышат”, — деди ал.

Депутат Улугбек Ормонов кирип жана чыккан адамдардын санында айырма бар экенин айтып, аларды тыкыр каттоого алууну жана коопсуздук маселесине көңүл буруу керектигин белгиледи.

Жыйында “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>