Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев жана Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Иш-чарада эл өкүлдөрү парламент ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, комитет, фракциялардын иш процесстери, алар кабыл алган чечимдердин жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

Баарлашууда жергиликтүү кеңеш депутаттары аймактагы ички көйгөйлөрдөн тартып, республикалык маанидеги маселелерге токтолушту.

Анда 2024-жылы белгиленүүчү улуу манасчы, ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата даярдык көрүү зарылчылыгы маалымдалды. Баяндалгандарга караганда, 2014-жылы залкар манасчынын 120 жылдыгында демилгеленгендей, улуу манасчынын туулуп өскөн айылы болгон Тоң районунун Ак-Өлөң айылында С.Каралаев атындагы этномузей курулмак. Бул багытта иш башталып, канализация жагы колго алынган менен калган жумуштар эмдигиче ордунан жылбай турат. Манасчынын 130 жылдыгына карата мерчемделген маанилүү иштер оңунан чечилип калса деген сунуштар айтылды.

Аталган айыл аймагындагы ирригациялык системаларга, жеке турак-жайлардын мыйзамдуу документтерине жана энергетиканын кайра жаралуу булактарындагы жаңы саамалыктар тууралуу сөз болуп, бул негиздеги аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйтөр “Парламент” радиосундагы маекте да айтылды.

Уктурууга Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Койгелдиев, Көк-Мойнок айылдык кеңешинин төрагасы Келдибек Мамытбаев жана аталган жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>