Кара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндөАшуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок
Кышкы ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Эң жогорку балл канча болду?
21.12.2022 | 09:00
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу же 70,9% 110 же андан жогору балл топтоду.
“Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү. Тестирлөөдө максималдуу баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды”, – деп билдирет министрлик.
ЖРТны кыргыз тилинде – 658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом