30-июлдан 1-августка чейин Чолпон-Атанын жанындагы жол саммитке байланыштуу убактылуу жабылатАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болууда
Кышкы ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Эң жогорку балл канча болду?
21.12.2022 | 09:00
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу же 70,9% 110 же андан жогору балл топтоду.
“Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү. Тестирлөөдө максималдуу баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды”, – деп билдирет министрлик.
ЖРТны кыргыз тилинде – 658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом