Кайсы күндөрү кар жаайт? 27-декабрга чейинки аба ырайы

Кайсы күндөрү кар жаайт? 27-декабрга чейинки аба ырайы

Гидрометеорология кызматы Кыргыстандын аймагында 27-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. 22-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн, 21-декабрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын кар жаашы мүмкүн. 22-декабрда жана 23-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жашы күтүлөт.

23-декабрда күндүз жана 24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 22-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

23-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 21-декабрда күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. 22-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

23-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

22-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. 23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

23-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 22-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын облусу:

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

24-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>