Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Лейлек районунун 7 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот
30.04.2026 | 10:18

Баткендин Лейлек районунун Катран айылында ичүүчү суу системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда сууну ар бир үйгө жеткирүү жана коопсуздук стандарттарына жооп берген система түзүү боюнча иш жүрүүдө. Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландаштырылган.
Иштер «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Анын натыйжасында айылдын 7 миңден ашуун тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болот.
Мекеме бул иш-чара аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга багытталганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом