«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги

05.11.2026 | 10:01
«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги — Новости Кыргызстана

Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан «Супара-2» этнокомплексинде чыккан өрттүн кесепетинен үч адам иске ууланды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабыркагандардын бардыгы Тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин кароосунан кийин эки адам амбулатордук дарыланууга үйүнө чыгарылып, үчүнчүсү ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Эске салсак, өрт 4-ноябрь күнү кечинде чыккан. ӨКМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоо имараттын 350дөн 400 чарчы метрге чейинки аянтын каптаган. Ошондой эле бир жыгач боз үй күйүп кеткен.

Өрт 5-ноябрда саат 01:15те чектөөгө алынган. Андан кийин куткаруучулар аны толугу менен өчүрүү боюнча ишти улантышкан.

Чүй облустук ИИББнын алдын ала маалыматы боюнча, өрттүн чыгышына мештин мору себеп болгон. Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.

Анара Мамытова

Scroll to Top