«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы: Таласта Тянь-Шань карагайынын 90 миңге жакын көчөтү отургузулду

30.04.2026 | 10:38

Таласта 2022-жылы Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге 88 миң көчөт отургузуу башталды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл отургузула турган бак-дарактардын санын тогуз миллионго жеткирүү пландалууда.

«Биз Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой капчыгайында бак тиге баштадык. Бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана келечек муундар үчүн экологиялык таза мурасты сактап калууга багытталган», – деди Жумаев.

Ал бак тигүүгө облустук мекемелердин кызматкерлери, 500 ыктыярчы, экологдор эле эмес, өлкөнү жашылдандырууга чоң күч жумшаган жигердүү жарандар да катышканын белгиледи.

Жумаев бул демилгени колдоого алган ар бир мекендешине терең ыраазычылык билдирди.

Scroll to Top