Бишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда
Маданият министрлиги эки телеканалга айып салды
11.08.2023 | 09:05
Маданият министрлиги кыргыз тилинде маалымат таратуу боюнча норманы аткарбаган эки телеканалга айып пул салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө “312 кино” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамынын талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Бул телекомпаниялардын ар бирине 23 миң сомдон айып пул салынган.
Ошондой эле текшерүүгө алынган “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарында мыйзам бузуулар табылган эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом