«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Май айында Жогорку Кеңештин чыгашасы 8,4 млн сомго өсөт
31.05.2022 | 10:28
Жогорку Кеңештин аппаратынын май айына чыгашасы 46 млн 361,1 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин кассалык планында белгиленген.
Аппараттын чыгашаларына 37 млн 984,6 миң сом бөлүнгөн мурунку айга салыштырмалуу бюджеттен 8 млн 376,5 миң сомго көбөйөт.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары 366,1 миң сомго жана төраганын резервдик фонду 960 миң сомго көбөйтүлдү.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттин чыгашасы 114 миллион 30,5 миң сом болсо, анын 77 миллион 595,5 миң сому эмгек акы төлөөгө жумшалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика