Дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамы аныкталды, анын жарымы аялдар

Дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамы аныкталды, анын жарымы аялдар

Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу журналдын расмий сайтында жазылган. Рейтингдеги 100 адамдын катарына Орусиянын президенти Владимир Путин  7-жолу кирсе, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 13-ирет кирди. Ошондой эле рейтингге АКШнын президенти Жо Байден  жана Германиянын канцлери Олаф Шольц да кирген.

Окурмандардын айтымында, 2022-жылдын эң таасирдүү адамы Украинанын президенти Владимир Зеленский болгон.

Ошондой эле, эң таасирдүү 100 адамдын жарымын аялдар түзгөн. Алар:

Хода Хамош — Ооганстандык саясий ишмер. 2022-жылдын январь айында ал Норвегияга расмий сапар учурунда талибдердин өкүлдөрү менен жолугушууга чакырылган алты ооган аялдын бири болгон. Анда Хамош Ооганстанда камакка алынган саясий активисттерди бошотууну талап кылган. Хамоштун апасы менен эжеси талибдер тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин ал өзү өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Меган Рапино, Бекки Зауэрбранн — көптөн бери АКШнын футбол боюнча аялдар командасынын лидерлери болушкан. Дүйнөлүк чемпионаттарды жана Олимпиадаларды жеңип келишкен.

Тимнит Гебру — жасалма интетект боюнча окумуштуу. Ал бул багытта изилдөөчү институтун (DAIR) жана кара терилүү изилдөөчүлөрдүн Black in AI аттуу бирикмесин негиздеген.

Журналист Севгиль Мусаева — “Украинская правда” басылмасынын редактору, 2011-2013-жылдары «Forbes Украина» журналында кабарчы болуп иштесе, 2014-жылы Hubs басылмасын негиздеген.

Кэндис ПаркерАмерикалык баскетболчу. Дүйнөдөгү эң көп төлөнүүчү спортчулардын бири. Анын кирешеси 5 млн доллар деп бааланган. Мындан тышкары ал спорттогу аялдардын укугун коргоо боюнча иш алып барат.

Зендея «Инноваторлор» номинациясы боюнча таасирдүү адамдардын тизмесине кирген. Режиссер Дени Вильнёв аны жөн гана актриса эмес, автономдуу креативдүү бирдик деп баалаган.

Ал эми 2021-жылдагы лидерлер категориясын Барбадостун премьер-министри Миа Моттли жетектеген. Андан тышкары , Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бул категорияда болушкан.

2021-жылдагы башка категориялардагы лидерлер:

Икона — ырчы Мэри Дж. Блайдж;

Новатор — актриса Зендая;

Титан — Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук;

Пионер — баскетболчу Кэндис Паркер;

Искусство ишмери — канадалык актёр Симу Лю.

Тэги: Рейтинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>