Жеке жардамчы кызматын алуучулардын саны 57,8%га көбөйүп, 13,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-июнунан тартып бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогору жарандарга персоналдык жардамчынын кызматына акы төлөө киргизилген.
“2022-жылдын июнь айынан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жеке жардамчынын кызматына акы төлөөнүн өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин көтөрүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз