Мамкурулуш агенттигин Урматбек Көкөчаров жетектейт

Мамкурулуш агенттигин Урматбек Көкөчаров жетектейт

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 18-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кокочаров буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>