11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Манас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалды
02.02.2026 | 17:40

УКМК Манас шаарында чет элдик “Фуркан” диний кыймылынын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн (даават) токтотулганын билдирди. Кыймылдын 20 мүчөсү, анын ичинде 6 адам чет өлкөлүк жаран кармалды.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган кыймыл светтик мамлекеттин саясатына каршы чыгып, шарият мыйзамдарын колдойт. “Фуркан” кыймылынын өкүлдөрү Жалал-Абад облусун пилоттук жай катары тандап, өлкөнүн түштүк аймактарында өз идеологиясын жайылтууну жана диний уячаларды түзүүнү пландаган.
Мыйзамсыз дааватты уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата административдик айыптар салынды. Учурда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар