Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекитти
02.02.2026 | 17:55

Өкмөт Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптардын жобосун бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ өлкөнүн аймагында ломбард ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар бардык юридикалык жактардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
Токтом менен ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен төмөнкүдөй белгиленди:
- 2025-жылдын 1-январынан тартып — 3 млн сомдон кем эмес;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып — 7 млн сомдон кем эмес;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып — 14 млн сомдон кем эмес;
- 2028-жылдын 1-июлунан тартып — 20 млн сомдон кем эмес.
Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз ишмердүүлүгүн жаңы бекитилген жобонун талаптарына ылайык келтириши керек.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика