Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Тоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
02.02.2026 | 16:47

2-4-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондоруна, Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ошондой эле тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдордо тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин билдирди.
Кандайдыр бир кырсыктын күбөсү болгондо же ага кабылып калганда “112” кызматына токтоосуз кабарлоо керек. Кызмат күнү-түнү кабыл алат жана акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом