1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керек
Диплом чыры: Мандатынан ажыраган эки депутат сотко кайрылды
12.07.2023 | 16:14
БШК мандатынан ажыраткан депутаттар Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Бишкек административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Исамилов менен Алимжанов соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышкан.
Исмаиловдун арызы боюнча соттук отурум 17-июлда, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлда өтөт.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом