ИИМдин Күзөт кызматы 6 айда кандай иштерди аткарганы айтылды

ИИМдин Күзөт кызматы 6 айда кандай иштерди аткарганы айтылды

ИИМдин Күзөт кызматынын быйылкы жылдын 6 айындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кеңешмеге Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын башчысы жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышкан.

Жыйында башкармалыктардын жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары аткарылган иштер боюнча маалымат берип, аларга бир нече тапшырмалар берилген.

«Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндө 2023-жылдын 3-февралындагы ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткарууда Күзөт кызматы 6 ай аралыгында бир топ иштерди аткарууга жетишкен.  Алсак, Күзөт кызматынын борбордук көзөмөл пунктунун бөлмөлөрү реконструкцияланып бүткөрүлдү. Ошондой эле интернет, локалдык тутумдары, телефон жана радиобайланыштары жаңыдан тартылып автоматташтырылган иш орундарына орнотулуп толугу менен ишке берилди», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Күзөт кызматынын санарип багытындагы ишин өнүктүрүү максатында 2023-жылдын апрель айында Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов атайын делегация менен Россияда өткөн Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышкан.

«Анда жаңы техникалык каражаттар менен таанышып, Күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө, күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук тутумдары боюнча техникалык каражаттарды  даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары, иш сапардын алкагында Росгвардиянын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту», — деп айтылат маалыматта.

Күзөт кызматынан билдиришикендей, жарандардын мүлкүн, стратегиялык объектилерди кайтарууда кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлдү.

«Ыкчам күзөт» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторунун кызматкерлерине бодикамералар, планшеттер берилип, автоунааларына орнотулган GPS-навигациясы видеодубалга чыгарылды. Бул иш-чаралар аймактагы күзөт бөлүмдөрүндө дагы четинен ишке ашырылууда», — деп маалымдады Күзөт кызматы.

Кеңешменин жүрүшүндө Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн тынымсыз өнүктүрүп-өстүрүүнү талап кылган. Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн кайтаруу боюнча тапшырмаларды берген.

Иш-чаранын соңунда Октябрь Урмамбетов Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалап, 6 айдын жыйынтыгы боюнча алгылыктуу жыйынтыкка жетише албаган бир катар жетекчилерге белгиленген мөөнөттө өз ишин жакшырта албаса, тартиптик жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>