ИИМдин кызматкерлери чыр-чатакты жөнгө салууну үйрөнүштү

ИИМдин кызматкерлери чыр-чатакты жөнгө салууну үйрөнүштү

Бишкекте ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Эки күндүк семинар генерал-майор Ж. Шабиров атындагы ИИМдин Республикалык окуу борборунун базасында Гуманитардык диалог Борборунун колдоосу менен уюштурулуп, 11-июлда жыйынтыкталган.

Семинарга ИИМдин Басма сөз кызматынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Атайын багыттагы полктун, Академиянын жана ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, ошондой эле милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана тергөөчүлөр катышкан.

Семинардын тренерлери дипломат Мартин Сайдик, Гуманитардык диалог борборунун социалдык тармактар жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча ортомчулук бөлүмүнүн жетекчиси Мод Моррисон жана борбордун кеңешчиси Ирена Гризел болушту.

«Сабактардын темалары медиациянын ар кандай өңүттөрүн камтыды. Анын негизги максаттары — медиация жана чыр-чатактарды чечүүнүн башка механизмдеринен айырмачылыктары, медиациянын негизги принциптерин жана этаптарын ачуу, медиация жана сүйлөшүүлөргө байланыштуу негизги көндүмдөрдү иштеп чыгуу», — деп айтылат маалыматта.

Семинардын жүрүшүндө бардык катышуучулар суроолорду активдүү беришип, талкууга катышкан. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>