“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасына Марат Жороев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Марат Жороев буга чейин “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейинки башкы архитектор Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалган.