Бишкекте №100 маршрутканын айдоочусу акча салынган капчыгын жоготуп алган жүргүнчүгө 14,8 миң сомун кайтарып берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти.
Айдоочу капчыкты таап алгандан кийин капчыкты жана анын ичиндеги 14,8 миң сомду видеого тартып, аны соцтармакка жарыялаган.
Көп өтпөй капчыктын ээси табылган. Капчыктын ээси айдоочуга ыраазычылык билдирген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз