УКМК 13 кызмат адамына кылмыш ишин ачып, сотко жөнөттү

УКМК 13 кызмат адамына кылмыш ишин ачып, сотко жөнөттү

Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө, жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

«Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкектин жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдын пайдасына мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошол эле учурда, суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары тарабынан архитектуралык уруксаттар берилген, алардын негизинде суу фондусунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен», — деп билдирет УКМК.

Бул ишке байданыштуу атайын кызмат тарабынан Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак С.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ошондой эле, кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү кызматкерлери:

— Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А.;

— Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына К.Б.У., М.М.Т., К.Ч.К., М.Ч.М., А.Н.Р.;

— Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кызмат адамдары К.Б.Т., М.Б. жана К.А.А.;

— Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдары К.Э.Н. жана Б.А.Ш. карата айып тагылган.

Азыркы учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул сыяктуу республиканын суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлерге курулуш жүргүзүү фактыларын аныктоо иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>