Президенттин администрациясында 72 кызматкер иштен кыскартылды

Президенттин администрациясында 72 кызматкер иштен кыскартылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, ыкчамдуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында мындай чечим кабыл алынган. Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскарып, 259 адамды түздү. Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлгөнү кабарланды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>