Медицина тармагынын бир катар өкүлдөрү медаль менен сыйланды

27.12.2023 | 20:14

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагынын бир катар өкүлдөрүнө сыйлык тапшырды. Бул тууралуу  министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алар президенттин 2023-жылдын 13-декабрындагы тапшырмасына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Алар:

– Тилеков Эрнис Абдышевич – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;

– Габитова Светлана Ивановна – Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы;

– Шатманалиев Мырзатай Ырсалиевич – Бишкек медициналык колледжинин директорунун орун басары;

– Абдрашитова Бактыгуль – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы адиси;

– Шамырканова Бакытбюбю Мусилиновна – Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын Медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы.

[image_carousel source=”media: 203666,203667,203668,203669,203670″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top