Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада күмүш медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада күмүш медаль утушту

Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24-27-декабрда Баку шаарында өткөн «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ян Бобрус математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан –10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстандын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:

— Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,

— Жасурбек Тешабаев, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, — 26 балл,

— Иса Мамытов, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.

Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын (ICHO) коло байге ээси Дооронбек Маметов.

Олимпиадага Кыргызстан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген окуучулар катышты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>