Медицина тармагынын бир катар өкүлдөрү медаль менен сыйланды

Медицина тармагынын бир катар өкүлдөрү медаль менен сыйланды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагынын бир катар өкүлдөрүнө сыйлык тапшырды. Бул тууралуу  министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алар президенттин 2023-жылдын 13-декабрындагы тапшырмасына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Алар:

— Тилеков Эрнис Абдышевич — И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;

— Габитова Светлана Ивановна — Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы;

— Шатманалиев Мырзатай Ырсалиевич – Бишкек медициналык колледжинин директорунун орун басары;

— Абдрашитова Бактыгуль – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы адиси;

— Шамырканова Бакытбюбю Мусилиновна – Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын Медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>