Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт
27.12.2023 | 20:55
Борбор калаада бүгүнтөн баштап 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал “Ала-Тоо” аянтынын жака-белиндеги Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дөн 17:00гө чейин болот.
Иш-чараны уюштуруунун максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат ала алат.
Рубрики: Жаңылыктар