Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
MEGA компаниясы канчага бааланганы белгилүү болду
13.04.2023 | 14:26
Кечээ, 12-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте “Альфа Телеком” ЖАКнын (MEGA соода маркасы) акцияларынын мамлекеттик пакетин баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйында мамлекеттик оператордун баасы белгилүү болгон. “Акчабар” өздүк булактарына таянып жазгандай, бул сумма 14 млрд 590 млн 603 миң сомду, же 170 млн 292 миң долларды түздү.
Эскерте кетсек, буга чейин MEGA компаниясын сатуу үчүн ага баалоо жүргүзүлөрү кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом