Бишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт
Видео: Алмаз Сманбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты
13.04.2023 | 14:52
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал бүгүн, 13-апрелде таймашка чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.
Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз