Мигрант үй-бүлө, ур-токмок менен чоңойгон бала. Ким зомбулук көрсөтөрү айтылды
Зордук-зомбулук көрсөтүлгөн үй-бүлөдө чоңойгон жаран чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү билбей калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова билдирди.
Анын айтымында, чатак көбүнчө жашоо шарты начар, кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдө акчанын артынан келип чыгат.
“Андан сырткары, мигранттардын балдары дагы ата-эне мээримин, тарбиясын көрбөй, айрымдары кодуланып жүрүп чоңоюшат. Зомбулук болгон үй-бүлөдө өскөн жаран дагы келишпестикти чечүүнүн башка жолун билбейт. Ал маселени ур-токмок менен гана чечиш керек деп эсептейт”, – дейт Динара Ашимова.
Депутат мамлекеттик деңгээлде мындай үй-бүлөлөр менен ар тараптуу иш алып барып, жабырлануучу гана эмес, зомбулук көрсөткөн жаранга дагы психологиялык жардам көрсөтүүнү сунуштайт.
“Мен түздөөчү программаларды сунуштап жатам. Пробация, психологдордун жардамы менен иш алып баралы”, – дейт ал.
Динара Ашимованын мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Кыз макул болсо да, ала качкан жигит жазаланат. Мыйзам долбоор талкууда
Биздин Телеграм каналга катталыңыз